Бишкекте суунун көрсөткүчтөрүн кантип берүү керек – кыскача нускама

«Бишкексууканал» ӨЭБ өз абоненттерине муздак сууга жана канализацияга төлөмдөрдү үнөмдөөнүн жөнөкөй жолун эскертет. Бул үчүн суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн ай сайын өткөрүп туруу жетиштүү. Бул тууралуу шаардык мэрия эскертти.

Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн "Бишкексууканал" башкармалыгы  көрсөтмөлөрдү берүүнүн бир нече ыкмасын сунуштайт: 

·      күнү-түнү расмий веб-сайт аркылуу;

·      1533 номери боюнча  чалыңыз;

·      WhatsApp BOT: 0772 00 15 33, 0554 69 99 51;

·      Telegram BOT: 0772 00 15 33.

"Бишкексууканал" ӨЭБсы өз абоненттерин ар айдын 20сынан баштап көрсөтмөлөрдү берүүгө чакырат.