“Кыргызавтожол” ашуулардагы жолдордун абалы тууралуу маалымат таратты

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык. №9 ЖТИ тарабынан дежурство бар. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” МИ билдирди.

Мекеме белгилегендей, Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда күн бүркөк, каттам ачык, чектөөлөр жок. №23 ЖТИ кызматкерлери тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда күн бүркөк. Каттам ачык. №30 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн ачык, жол кыймылына чектөө жок, каттам ачык. №36 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында ала-булут. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда күн ачык. Каттам ачык. №955 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда күн ачык. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (72-208 км) Сөөк ашуусунда күн бүркөк, шамал, каттам ачык. №3 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Ош облусунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында күн ачык, кар жаап жатат. №960 ЖТИ тарабынан дежурство бар.