> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат районунда көмүр баалары туруктуу
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/18/nookat-raionunda-komur-baalary-turuktuu/
- Published: 2024-01-18T09:45:09.000Z
- Updated: 2024-01-18T09:45:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2024-жылдын 18-январында Ноокат районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди. Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат, таңкыстык жок.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун аймагында 5 сомдон социалдык көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.