Энергетика министри Баткендеги салынып жаткан имараттардын курулушу менен таанышты

КР энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусунда электр тармактар ишканасынын жаңы салынып жаткан административдик имаратынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Иш сапардын алкагында министр Таалайбек Ибраев курулуштун сапатына өзгөчө басым жасап, жумуштун сапаттуу жүрүшүн жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын койду.

 “Биз үчүн жаңы имараттын сапаттуу болуусу абдан маанилүү, курулуштун жүрүүсү убагында аяктап, имараттын ичи толук бойдон жаңы эмеректер менен камсыздалышы керек. Бул имаратты куруубуздун максаты Баткендеги энергетиктердин иштөөсүнө жакшы шарт түзүп берүү. Кызматкерлерге жакшы шарт түзүлсө, алардын жумушка болгон маанайы көтөрүңкү болуп, иш тез жана так аткарылат,” - деп баса белгиледи министр Т.Ибраев.

Эске салсак, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын каржылоосу менен 2023-жылдын сентябрь айында Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТнин административдик имаратынын курулушу башталган. Учурда жумуштун биринчи этабына ылайык Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТнин имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Андан соң министр Т.Ибраев Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жыйын  өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү, өткөн жылда жасалган иштер жана быйылкы жылы аткарыла турган жумуштар талкууланып, энергетика министрлиги тарабынан Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып өттү.