> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлек районунда 225 орундуу мектеп курулат – сметасы 70 млн сомду түзөт
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/19/lieiliek-raionunda-225-orunduu-miektiep-kurulat-smietasy-70-mln-somdu-tuzot/
- Published: 2024-01-19T11:00:28.000Z
- Updated: 2024-01-19T11:00:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Айкөл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имараты курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.**

225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратынын жалпы сметалык баасы – 70 млн сом. Мектептин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Учурда мектепте 31 мугалим, 11 техникалык кызматкер эмгектенип, 284 окуучу билим алат.

Белгилесек, Н.Батыров атындагы орто мектеби 1954-55-жылдары малчылар үчүн салынган 2 бөлмөлүү үй болгон, дубалдары ылайдан, чатыры черепица менен жабылган. 1963-жылдары Гордой айылындагы “8-март” башталгыч мектеби көчүрүлүп, ошол үйлөргө жайгаштырылган. 1975-1977-жылдары ашар жолу менен 2 класс кошулуп, жалпы билим берүүчү мектеп болуп өзгөргөн.

1981-1983-жылдары 5 класс кошумча салынып 140 орундуу орто мектеп болуп иштеп баштаган. Мектептин абалы кооптуу болгондугуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаментинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № Б-53 корутундусу чыгарылып, жаңы мектеп салынуусу талапка ылайык деп көрсөтүлгөн.