Лейлек районунда 225 орундуу мектеп курулат – сметасы 70 млн сомду түзөт

Баткен облусунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Айкөл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имараты курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратынын жалпы сметалык баасы – 70 млн сом. Мектептин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Учурда мектепте 31 мугалим, 11 техникалык кызматкер эмгектенип, 284 окуучу билим алат.

Белгилесек, Н.Батыров атындагы орто мектеби 1954-55-жылдары малчылар үчүн салынган 2 бөлмөлүү үй болгон, дубалдары ылайдан, чатыры черепица менен жабылган. 1963-жылдары Гордой айылындагы “8-март” башталгыч мектеби көчүрүлүп, ошол үйлөргө жайгаштырылган. 1975-1977-жылдары ашар жолу менен 2 класс кошулуп, жалпы билим берүүчү мектеп болуп өзгөргөн.

1981-1983-жылдары 5 класс кошумча салынып 140 орундуу орто мектеп болуп иштеп баштаган. Мектептин абалы кооптуу болгондугуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаментинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № Б-53 корутундусу чыгарылып, жаңы мектеп салынуусу талапка ылайык деп көрсөтүлгөн.