Санариптик өнүктүрүү министрлиги СӨМдөгү эң популярдуу 3 кызматты жарыялады

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылы СӨМдөгү эң популярдуу 3 кызматты жарыялады.

Эң популярдуу кызматтар төмөнкү кызматтар болду:

- КРнын жарандарын туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча каттоо. 12 айдын ичинде 712 123 кызмат көрсөтүлдү.

- КРнын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо. 12 айдын ичинде 668 844 кызмат көрсөтүлдү.

- КРнын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) алмаштыруу - 575 422.

Мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында онлайн форматтагы кызматтар активдүү киргизилүүдө.

Жогоруда белгиленген кызматтардын ичинен 2023-жылдын июль айынан баштап чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо боюнча сайты иштей баштады. (https://ereg.e-gov.kg/:) . Ошондой эле жашаган жери боюнча жарандарды онлайн каттоо кызматы иштелип чыгууда жана жакынкы убакта ишке киргизилет.