Чек ара аймактары толук калыбына келтирилди – Баткендин жетекчилиги

Баткендин чек арасы калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы башчысы Абдикарим Алимбаев Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди.

"Кагылышуудан чек арага чектеш айылдар, жергиликтүү тургундар бир топ зыянга учурады. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери аягына чыкты. Жеринде активдүү иш алып барылды", - деп белгиледи Алимбаев.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын үйлөрүн капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө акчалай кенемтелер төлөнүп берилди. Чек ара окуяларынан улам жүздөгөн жарандар жана ишкерлер чыгымдарга учурады.

Мамлекеттик жана коммерциялык банктар тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, окуяда жабыр тарткан 378 жарандардын 36 млн 400 миң сомдук кредиттери жоюлуп, 230 жарандын 324 млн 300 миң сомдук кредиттерине жеңилдиктер берилди.

Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жалпы 210 ишкерлерге 63 млн сом компенсация төлөнүп берилип, 140 ишкерге 120 млн 600 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди.