Чек арада мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды – баасы 50 млн сомду түздү

УКМК тарабынан Салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен 2024-жылдын 18-январында «Ак-Тилек-унажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кармалган унаада айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана КРнын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.

Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.