Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди.

Такталгандай, зилзаладан жабыркаган өлкөгө Кыргызстандан 111 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. “Жардам кербенин” уюштуруп, ак жол тилеген министр, генерал-майор Бообек Ажикеев 2023-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынан узатты. Ошентип ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеген куткаруучулар курамынан турган “жардам кербени” бир нече күндүк узак сапарга чыгышкан.

“11 жүк ташуучу унаа менен 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк, ошондой эле Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому Өзбекстан аркылуу 2 күн жол жүрдү. Алгач эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар министрлери “жардам кербенин” Өзбекстан аркылуу коопсуз өткөрүүнү алдын ала макулдашышкан”, - деп билдирүүдө белгиленген.

1-декабардан 9-декабрга чейин Ооган өлкөсүндө жет титирөөдөн жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын “жардам кербени” өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайтышты. Бул күндөрү кыргыз куткаруучуларынын коопсуздугун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алып турду. 

Эске салсак, өткөн жылдын 7-октябрында Иран жана Түркмөнстан чек араларына жакын жайгашкан Герат провинциясындагы табигый кырсыктан 2 миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңге жакыны жабыркап, миңдеген турак-жай жараксыз болгон.