SMS TAXIге айып пул салынды

Монополияга каршы жөңгө салуу кызматына маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн SMS TAXIге айып пул салынды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, КРнын Атаандаштык жөнүндө мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, кызмат “Инноа” ЖЧКсынан (SMS TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. Ишкана  суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.

Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Инноа” ЖЧКсына (SMS TAXI) 13 миң сомго айып пул салынды.