2023-жылы Чүй облусунда 60 социальдык объект курулган

2023-жылы облуста 60 социалдык объекттер республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 1 млрд 196 млн сомго курулуп, ишке берилген. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, алардын ичинде 7 бала бакча, 1 маданият мекемеси, 13 мектеп, 7 саламаттык сактоо, 27 спорт объекттери жана 2 социалдык шаарча менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 3 окуу борбору курулган. 8 мамлекеттик дарыкана ачылып, медицина тармагына 15 автоунаа, анын ичинен 10 тез жардам, 5 кызматтык автоунаасы берилди.

Ал эми 2024-жылга карата социалдык тармака болгон муктаждыктарды жоюу боюнча 78 объектинин 36 объекттисинде  куруу иштери жүрүп, калган 42 объект боюнча куруу иштери башталаары мерчемделүүдө.

Андан сырткары социалдык тармактагы курулушка болгон муктаждыктан улам 254  объекти курулуусу керектелет.