2023-жылы Ош облусунда 6.1 миңдек ашуун жаңы жумуш орундары түзүлгөн

Өткөн жылы облус боюнча жалпы 6 182 жаңы жумуш орундары түзүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 1392 жумуш орду көп түзүлгөн.

Бул тууралуу «Ала-Арча» резиденциясында жылдык жыйынтыктарды жана келечекке пландарды талкуулоонун алкагында Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев өнөр жай тармагындагы жетишкендиктерди билдирди.

Анын айтымында өнөр жай тармагы боюнча былтыркы жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан 17.2 млрд сомдук продукциясы өндүрүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 2.6 млрд сомго көп. Ал эми, физикалык көлөмүнүн индекси 17.1% түздү.

Жалпы облус боюнча чыгарылган өнөр жай тармагынын көлөмүндө, эң чоң үлүш Араван  району 30%, Ноокат району 29% жана Кара-Суу   району 19.7% түздү.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмүн  көбөйтүү боюнча  аракеттер  көрүлүп, натыйжада 2023-жылы өнөр жай багытында 61 жаңы  ишкана ачылды.

Өнөр жай багытында Кара-Суу районунда 23 ишкана ачылып, алардын арасынан эң ири “Салих Строй” ишканасы тарабынан асфальт чыгаруучу завод,  Төлөйкөн айыл аймагында "Снек Фудс" ишканасы тарабынан сэндвич чыгаруучу цех, Өзгөн районунда ачылган 14 ишкананын катарында Дөң-Булак айыл аймагында "Ош-Нур-Жол Строй" ишканасы тарабынан асфальт бетон чыгаруучу заводу ишке кирди.

Ал эми бардык райондордо жеке ишкерлер тарабынан жеңил өнөр жайы тармагында ишканалар ачылып, Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 100 орундуу, Нариман айыл аймагында 40 орундуу жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 50 орундуу тигүү цехтери ачылды.