2023-жылы Ысык-Көлдө 35 жаңы обьект ишке кирген

2023-жылы облус аймагында 35 жаңы объектинин курулуш иштери аяктап, ишке берилди. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен 11 мектеп, 1 бала бакча, 1 юстиция министрлигине караштуу имараты, 1 таза суу системасы, ал эми, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана башка булактар тарабынан 1 мектеп, 2 бала бакча, 2 калкты тейлөө борборунун имараты, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 8 ФАПтын типтүү имараттары, 16 орундук көп функционалдык диагностика борбору, облустук төрөт үйүнүн кабыл алуу бөлүмү, 1 спорт зал, 4 кичи футбол аянтчасы жана чек ара кызматына 1 мончо ж.б. объектилер ишке берилди.

Бул курулуш иштерине жалпы 1.5 млрд сом жумшалган.