Акылбек Жапаров: быйыл 250 миң жумушчу орун түзүлөт

Быйыл 250 миң жумушчу орун түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖӨБ жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аймактардын маалыматтары боюнча Ош, Бишкекти кошпогондо 2037 жаңы ишкана ачылып, 13 464 туруктуу жумуш оруну пайда болду. Бирок айрым аймактар алдыда, айрымдары дагы деле артта.

Статкомдун маалыматы боюнча янв-сентябрга карата 90 533 жумуш оруну түзүлдү, анын ичинде бейформал сектордо МТСОМдун маалыматы боюнча – 80 520. Бул жерде жумуш орундары көп ачылган Чүй, Бишкек, Жалал-Абад облустарын белгилеп коюу керек. Статком янв-ноябрда орточо айлык 32 142 сомду түзгөнүн айтты. Ошол эле учурда каттоодо турган жумушсуздардын саны – 67 603 адам.

“Тапшырма: Быйыл баарыңыздардын алдыңарга коюлуучу чоң милдет – 250 миң жумуш орун түзүү, бул башкы артыкчылык болсун! Ар бир ишкердин, инвестордун артынан чуркоо керек. Эмгек ресурстарына болгон мамилебизди түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу учуру келди! Биздин динамикалуу экономикабыз жумушчу колдорго муктаж, жетишпейт жатат”, - деди минкаб төрагасы.

Ошондой эле ректорлорго ЖОЖдордун алдында квалификацияны жогорулатуучу жана кесиптик-техникалык курстарды ачуу тапшырылды.