Депутаттар “КРдагы жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “КРдагы жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Камила Талиева. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору алыскы аймактарда, тоолуу жана жетүүгө татаал болгон райондордо, өзгөчө макамы бар чек арага танапташ жайгашкан калктуу пункттарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыкты.  

Мыйзам долбоору  аркылуу КР Конституциясынын нормаларын эске алуу менен үй-бүлөдө үчүнчү болуп төрөлгөн балага жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө ай сайын жөлөкпул берүү сунушталууда. 

Депутат билдиргендей, мындай жөлөкпул ала турчу 102 миң бала бар. Ал эми учурда 102 миң баланын ичинен болгону 17 миң (11%) бала жөлөкпул аларын депутат кошумчалады.

Мындан тышкары комитет “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Жарандарынын ден соолугун тамеки, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнү, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө”, КРнын укук бузуулар кодекси) КРнын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Ормонов У. З., Сыдыков Б. У., Сатыбалдиев Э. Р., Түмөнбаев А. Т.