Таласта эттин баасы туруктуу

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 22-январында Таластагы эт сатылуучу жайларда уй, жылкы жана кой этинин баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Айрым массалык маалымат каражаттарда “Таласта эттин баасы кымбаттады” деген билдирүүлөр тараган. Мониторингдин жыйынтыгы менен аталган социалдык жактан маанилүү товардын баасы туруктуу экендиги аныкталды.

Сатуучулардын айтымында, уй, жылкы жана кой этинин баалары акыркы аптада жогорулаган эмес, жана анын жогорулоосуна себеп жоктугун баса белгилешти.

Бүгүнкү күндө эттин баасы төмөндөгүдөй:

·      жылкы эти – 1 кг баасы 480 сом;

·      уй эти – 1 кг баасы 460-500 сом;

·      кой эти – 1 кг 530-540 сомго чейин.

Мындан сырткары Талас шаарында мал тоюттардын (чөптүн, жем ж.б.) бааларына байкоолор жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен жемдердин баасында өсүү жок, ал эми чөптүн баасы өткөн аптага салыштырмалуу арзандаганы байкалган. Мисалга алсак, буга чейин чөптүн түгү 380-400 сомдон сатылып келсе, бүгүнкү күнү 350-380 сомдон сатып алууга болот.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.