> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк» аркылуу онлайн режиминде соттолгон эместиги тууралуу маалымкатты кантип алса болот – нускама
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/23/tunduk-arkyluu-onlain-riezhimindie-sottolghon-emiestighi-tuuraluu-maalymkatty-kantip-alsa-bolot-nuskama/
- Published: 2024-01-23T13:00:42.000Z
- Updated: 2024-01-23T13:00:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлиги Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн-кызматты алуу жөнүндө эскертет.**

Бул жерде жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же Кыргызстандын аймагында соттолгондугу/соттолгон эместиги тууралуу маалымкат алууга арыз берүү үчүн автоматташтырылган кызмат көрсөтүлгөн.

Маалымкатты 7 күндүн ичинде акысыз алууга болот. Бул үчүн төмөнкүлөр керек:

· электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы https://portal.tunduk.kg/ же «Tүндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу авторизациядан өтүү зарыл;

· «Маалымкаттар, көчүрмөлөр» бөлүмүнөн «КРнын аймагында адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттолгондугу/соттолгон эместиги тууралуу маалымкатты акысыз негизде алууга арыз берүү» кызматын тандаңыз (соттолгон эместиги тууралуу маалымкат);

· маалымкат алуу жерди жана телефон номерин көрсөтүү;

· «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын тандаңыз, тандаган соң маалымкат алууга арыздын электрондук формасы чыгат;

· «Жөнөтүү» баскычын басыңыз.

Сиз онлайн режиминде соттолгон эместиги жөнүндө арыз жөнөттүңүз.

Ыкчам жыйынтыкты тандаган жарандар үчүн 1 (бир) жумушчу күндүн ичинде же 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде маалымкат алуу үчүн акы төлөнүүчү кызмат жеткиликтүү.

Маалымкат алуу үчүн шашылыш арызды тариздөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:

· маалымкат алган жерди тандаңыз;

· телефон номерин көрсөтүңүз;

· аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу суроого жооп тандаңыз;

· шашылыш түрүн тандоо (1 же 3 жумушчу күн);

· «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын басуу.

Кызматтын наркы:

• 1 жумуш күнү – 191 сом;

• 3 жумушчу күн – 86 сом.

Даяр маалымкатты алуунун эки ыкмасы бар:

• порталдагы же тиркемедеги Жеке кабинетте, көрсөтүлгөн номердеги электрондук почтага жана телеграммаларга элекрондук түрдө;

• берилген жери боюнча (жаныңызда паспорт жана басылган «маалыматтык документ» (арыз) болушу керек).

Белгилей кетсек, 2023-жылы бул кызмат 31 505 жолу колдонулган.

0:00 

/0:55 

1×