«Түндүк» аркылуу онлайн режиминде соттолгон эместиги тууралуу маалымкатты кантип алса болот – нускама

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн-кызматты алуу жөнүндө эскертет.

Бул жерде жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же Кыргызстандын аймагында соттолгондугу/соттолгон эместиги тууралуу маалымкат алууга арыз берүү үчүн автоматташтырылган кызмат көрсөтүлгөн.

Маалымкатты 7 күндүн ичинде акысыз алууга болот. Бул үчүн төмөнкүлөр керек:

·      электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы https://portal.tunduk.kg/ же «Tүндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу авторизациядан өтүү зарыл;

·      «Маалымкаттар, көчүрмөлөр» бөлүмүнөн «КРнын аймагында адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттолгондугу/соттолгон эместиги тууралуу  маалымкатты акысыз негизде алууга арыз берүү» кызматын тандаңыз (соттолгон эместиги тууралуу маалымкат);

·      маалымкат алуу жерди жана телефон номерин көрсөтүү;

·      «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын тандаңыз, тандаган соң маалымкат алууга арыздын электрондук формасы чыгат;

·      «Жөнөтүү» баскычын басыңыз.

Сиз онлайн режиминде соттолгон эместиги жөнүндө арыз жөнөттүңүз.

 

Ыкчам жыйынтыкты тандаган жарандар үчүн 1 (бир) жумушчу күндүн ичинде же 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде маалымкат алуу үчүн акы төлөнүүчү кызмат жеткиликтүү.

Маалымкат алуу үчүн шашылыш арызды тариздөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:

·      маалымкат алган жерди тандаңыз;

·      телефон номерин көрсөтүңүз;

·      аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу суроого жооп тандаңыз;

·      шашылыш түрүн тандоо (1 же 3 жумушчу күн);

·      «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын басуу.

Кызматтын наркы:

•              1 жумуш күнү – 191 сом;

•              3 жумушчу күн – 86 сом.

Даяр маалымкатты алуунун эки ыкмасы бар:

•      порталдагы же тиркемедеги Жеке кабинетте, көрсөтүлгөн номердеги электрондук почтага жана телеграммаларга элекрондук түрдө;

•      берилген жери боюнча (жаныңызда паспорт жана басылган «маалыматтык документ» (арыз) болушу керек).

Белгилей кетсек, 2023-жылы бул кызмат 31 505 жолу колдонулган.

0:00
/0:55