Ысык-Көлдөгү Теплоключенка айылында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында көмүргө жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүздү.

Ысык-Көл облустук бөлүмү Теплоключенко айылында 2024-жылдын 22-январь күнү көмүр саткан жерлерде мониторинг жүргүздү.

Ак-Суу району боюнча көмүр баалары туруктуу. Белгилей кетсек, жергиликтүү “Кара-Кече” көмүрү тоннасы 6 300 сомдон 6 500 сомго чейин сатылууда. Көмүрдүн камдыгы жетиштүү көлөмдө. 

Ошондой эле соода түйүндөрүндө социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп, баалар туруктуу экени байкалды.