Бишкекте №56 жаңы автобус каттамы ачылууда

Бишкек шаарында 2024-жылдын 25-январынан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.