Бишкектин мэриясы 600 таштанды контейнерлерин сатып алды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 пластик жана 200 темир контейнер сатып алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган.

2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган. Контейнерлер шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда. Туура эмес жерлерде таштанды чыгаруу учурлары чарбакер субъекттер тарабынан болуп жатат.