«Достук» бажысында жалган документтери жана жасалма номер белгилери менен 11 унаа аныкталды

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери Ош ш. жана Ош облусу боюнча КР УКМК ББнун 6-бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге ТББнын «Достук» АБЖЖ аркылуу КРде ЕАЭБдин бажы аймагына ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин жалган документтери жана КРдин жасалма каттоо номер белгилери менен 11 автотранспорттук каражатты аныкташты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Транспорт каражаттарын КРде ЕАЭБдин бажы аймагына ташып кирүү аракети жасалган. 

Укукка каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 15.7 млн сомду түздү.

Чогултулган материалдар КБР МКЖ АМС катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.