> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «ЭКСПО- 2023 Доха» жарманкесинде Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/24/ekspo-2023-dokha-zharmankiesindie-kyrghyzstandyn-uluttuk-kunu-bielghiliendi/
- Published: 2024-01-24T04:30:17.000Z
- Updated: 2024-01-24T04:30:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**22-январда Катардагы Доха шаарында «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкесинин алкагында «Жашыл чөл – жакшы чөйрө» ураан алдында Кыргызстандын улуттук күнү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.**

Тараптар биргеликте Катардын жана Кыргызстандын павильондору менен таанышып чыгышты.

Кыргызстандын павильонунда кыргыз боз үйү, шырдагы, комузу, тери, темир буюмдары, зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы анын ичинде кургатылган жер-жемиштери, дандын түрлөрү, балы, куруту, шербети, кыямдары ж.б. сунушталды.

Эске салсак, «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкеси 2023-жылдын ноябрь айында башталган, 2024-жылдын март айына чейин созулат.

Каалоочулар март айынын аягына чейин Кыргызстандын айыл чарба продукциялары менен тааныша алышат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421621770_691197353172024_4517330825231712661_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/422079680_691179886507104_9036909086162906248_n.jpg)