«ЭКСПО- 2023 Доха» жарманкесинде Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди

22-январда Катардагы Доха шаарында «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкесинин алкагында «Жашыл чөл – жакшы чөйрө» ураан алдында Кыргызстандын улуттук күнү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тараптар биргеликте Катардын жана Кыргызстандын павильондору менен таанышып чыгышты.

Кыргызстандын павильонунда кыргыз боз үйү, шырдагы,  комузу, тери, темир буюмдары, зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы анын ичинде кургатылган жер-жемиштери, дандын түрлөрү, балы, куруту, шербети, кыямдары  ж.б. сунушталды.

Эске салсак, «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкеси 2023-жылдын ноябрь айында башталган, 2024-жылдын март айына чейин созулат.

Каалоочулар март айынын аягына чейин Кыргызстандын айыл чарба продукциялары  менен тааныша алышат.