Кайрылмандарга берилген кепилдиктер кайрадан каралып чыкты

Президент Садыр Жапаров «КРна көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Мыйзамда белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылмандын күбөлүгү) менен ырастала турган адамдын укуктук статусунан тышкары, ошондой эле социалдык статусун караган “кайрылман” жана “кайрылмандын статусу” түшүнүктөрү кайра каралган.

Социалдык статус берүү жана ырастоочу документтин болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.