Кореяда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык төлөмдөрдүн алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөр жүргүзгөн КРнын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Соцфонд эскертти.

Жалпысынан бүгүнкү күндө КРнын улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 87 адамды түзөт, алардан 78 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 9 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 4.2 миң долларын түздү.