«Кыргызэлектроника» 30 миңден ашык ККМ аппаратын салыкчыларга тапшырууга даяр

«Кыргызиндустрия» ААКнун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы Салык кызматына 32 миң контролдук-кассалык аппаратты берүүгө даяр. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Кыргызэлектроника» ЖЧКсынын директору Илья Черныйдын айтымында, компания сенсордук экраны бар универсалдуу кассалык аппараттардын эки түрүн чыгарат: Telpo TPS 900 жана Telpo P8, Android операциялык системасын колдоочу жана Bluetooth, Wi-Fi, 2/4/5 GHz.

«Биз жарым жылдай убакыттан бери Кытайда чыгарылган Telepower Communication Co LTD компаниясынын жабдыктарын кураштырып жатабыз. Бул аппарат Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылып жатат, мындай өндүрүштүн аналогу биздин өлкөдө жок», - деди ал.

Анын айтымында, учурда кампада 2 миң бирдик кассалык машина бар. Министрлер Кабинетинин буйругу менен белгиленген тартипте жакынкы арада дагы 30 миң бирдиктин тетиктери келүүсү күтүлүүдө, аларды ишкана Салык кызматына кураштырып берүүгө даяр.