Ош базардын тегереги башаламан соодадан тазаланууда

Ош базарынын аймагында соодагерлердин тротуарларда жана жолдордо башаламан сооданы жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча муниципалитеттин бир нече жолу эскерткенине карабай иштеп келишет. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ленин администрациясы тарабынан «Тазалык» МИ, РИИБнын жана МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагындагы мыйзамсыз башаламан сооданы жоюу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.

Ыкчам топ базардын чектеш көчөлөрүндө рейд жүргүзүп, жылдын башынан бери 60га жакын мыйзамсыз соода түйүндөрүн жойду, 30тан ашык башаламан сооданын элементтерин: темир столдорду, отургучтарды, кол чатырларды жана таразаларды алып, кампага ташып жеткиришти.