> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч жылдын ичинде 189 жаңы мектеп салынды – Билим берүү министрлиги
- URL: https://im.kg/koom/2024/01/24/uch-zhyldyn-ichindie-189-zhany-miektiep-salyndy-bilim-bieruu-ministrlighi/
- Published: 2024-01-24T08:30:53.000Z
- Updated: 2024-01-24T08:30:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Үч жылдын ичинде республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.**

Мындан сырткары 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.

2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасы карасак:

· 2021-жылы 32 мектеп курулуп, 2 мектепке кошумча имарат салынып, 11 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 6 мектепке кошумча спорт залдар курулган.

· 2022-жылы 34 мектеп салынып, 1 мектепке кошумча имарат, 1 мектепке отказан, 1 мектепке ашкана жана жатакана курулуп, 2 мектепке кошумча спорт залдар салынган. Ошондой эле 13 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

· 2023-жылы республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен 123 мектеп курулуп, 1 мектепке кошумча имарат салынды. Буга кошумча республикалык бюджеттен 19 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :

· Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп;

· Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп;

· Баткен облусунда – 21 мектеп;

· Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп;

· Чүй облусунда – 18 мектеп;

· Талас облусунда – 11 мектеп;

· Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.