Үч жылдын ичинде 189 жаңы мектеп салынды – Билим берүү министрлиги

Үч жылдын ичинде республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Мындан сырткары 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.

2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасы карасак:

·      2021-жылы 32 мектеп курулуп, 2 мектепке кошумча имарат салынып, 11 мектеп  капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 6 мектепке кошумча спорт залдар курулган.

·      2022-жылы 34 мектеп салынып, 1 мектепке кошумча имарат, 1 мектепке отказан, 1 мектепке ашкана жана жатакана курулуп, 2 мектепке кошумча спорт залдар салынган. Ошондой эле 13 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

·      2023-жылы республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен 123 мектеп курулуп, 1 мектепке кошумча имарат салынды. Буга кошумча республикалык бюджеттен 19 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :

·      Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп;

·      Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп;

·      Баткен облусунда – 21 мектеп;

·      Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп;

·      Чүй облусунда – 18 мектеп;

·      Талас облусунда – 11 мектеп;

·      Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.