Бишкектин мэри мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштерин текшерди

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш демонтаждалган. Жеринде  борбор калаанын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү иш алып барды.

Белгилей кетсек, кеңейтүүнүн бир бөлүгү өткөн жылы демонтаждалган, калган бөлүгүн үй ээси өзү бузууга милдеттенген. Бирок,  өз милдеттенмесин аткарган жок, ошондуктан демонтаждоо иштери кайра башталган.

Бишкек шаарынын мэриясы ижарачыларга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузууга жол берилбестигин эскертет.