Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу таштандыдан тазаланды

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары тарабынан Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун тайгак тилкелерине инерттик материалдарды чачуу менен таштандыларды тазалоо иштери аткарылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Анда жолдун 37-80-чакырым аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.

Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.