Ошто эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдык башталды

Ош шаарында Ы. Монуев көчөсүн «Кыргыз Көчү» босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири.

Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.