Пекин – Бишкек – Пекин багыты каттам ишке кирди

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда келип конгон.

Жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттамдары Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан ыңгайлуу Airbus A320neo учагында аткарылат. Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.

Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.