Соцфонд ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө тууралуу маалымат берди

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Бул тууралуу Соцфонд эскертти.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда КРнын Социалдык фонду тарабынан 44 жаранга пенсия чектелди, анын 36сы Россиянын, 7си Казакстандын жарандары жана Беларустун 1 жаранынан.

Ошондой эле Россия Кыргызстандын 17 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.