Түштүк-Батыш бажысында салмактык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү фактылары аныкталды

«Түштүк-Батыш» бажысында салмак көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Түркиядан ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы аймагына «К.П.» ЖЧК алуучунун дарегине, «Достук» АБЖЖ аркылуу 336 жеткирүү санда эл керектөөчү товарлар ташып киргизилген, анын ичинен 31 жеткирүү жараксыз салмактык карталарды колдонуу аркылуу ташылып келинген.

«К.П.» ЖЧК бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн берилген документтерде декларацияланган товарлардын иш жүзүндөгү салмагын азайтуу жолу менен, бажы органына берилген документтерде көрсөтүлгөн бурмаланган маалыматтарды пайдалануу менен бажы алымдарын төлөөдөн четтеп, товардын жалпы салмагын 24 227 кг азайткан. Мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 2 млн сом.

Факт КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилет.