Бишкекте көмүр тартыштыгы жок

Бишкек шаарында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында, базаларында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сатуучуларга көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү. Белгилей кетсек, көмүрдүн баасы туруктуу. Бишкектин бардык отун базаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар, көмүр тартыштыгы жок.