Депутаттар Омсктагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов менен Марлен Маматалиев Омсктагы жашаган мекендештер, ошондой эле жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү да катышты.

Баарлашуу маалында депутаттар иш сапарынын максаты жана анын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири маалымат беришти. Айрыкча, Кыргызстан менен Россия мамлекети билим берүү тармагы боюнча жигердүү кызматташып жатканы белгиленип, алдыда дагы көп пландар бар экени айтылды.

Тагыраагы, Омск шаарындагы медициналык жогорку окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн квоталарды көбөйтүү маселеси талкууланганын айткан депутаттар иш сапарынын алкагында тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн маалымдашты.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, мекендештер тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү. Анын ичинен Бишкек-Омск аба каттамын ачуу, окууну бүтүп баргандарды жумуш менен камсыздоо, спорттук мелдештерде ийгилик жараткандарга колдоо көрсөтүү өңдүү маселелерге токтолушту.

Депутаттар аталган маселелердин ар бири боюнча керектүү иштерди алып барышарын билдиришти.