Финансы министрлиги студенттик стартап долбоорлорду колдоого даяр

Финансы министри Алмаз Бакетаев КМТУДАгы студенттик стартап долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Такталгандай, Раззаков атындагы КМТУда 60тан ашык стартап-долбоорлорду колдогон өзүнүн сайты жана илимий-техникалык иштеп чыгуулар үчүн платформасы бар жаңыланган технологиялар трансфери борбору ишке киргизилди.

Алмаз Бакетаев университеттин жетекчилиги, студенттер жана жаш окумуштуулар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, акылдуу технологиялар, тамак-аш технологиялары, жеңил өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатындагы стартап-долбоорлор сунушталды.

Бакетаев сунушталган долбоорлордун жогорку деңгээлин белгилеп, бизнес идеяларды ишке ашырууга системалуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.