Ош шаарында көмүр баалары туруктуу

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 25-январь күнү Оштун ичиндеги көмүр саткан базаларда көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторинг жүрүшүндө көмүр сатуучу ишкерлерге көмүрдүн белгиленген баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, көмүргө болгон бааны (ценник) илип коюуу жана сатууда колдонулуп жаткан таразалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек экендиги түшүндүрүлдү

Учурда Ош шаарында көмүрдүн баасы 1 тоннасы 7000 сомдон сатылып жатат. Көмүр жетиштүү.