Германиялык Welcomecenter Hessen Кыргызстанда квалификациялуу кадрларды даярдоого кызыкдар

2024-жылдын 25-январында Германиянын Франкфурт шаарында КРнын элчиси Өмүрбек Текебаев менен WELCOMECENTER Hessen квалификациялуу кадрлар борборунун өкүлү Альберто Коронадонун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушууда Текебаев Кыргызстанда квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды Кыргызстанда жана Германияда ишке орноштуруу маселелери боюнча Германиянын компетенттүү ведомстволору менен Кыргызстандын өз ара иш-аракети тууралуу маалымат берди.

Коронадо борбордун ишмердүүлүгү квалификациялуу кадрлар жана квалификациялуу кадрларды издөө менен алектенген немис компаниялары менен да иштөөгө багытталганын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар Кыргызстандык квалификациялуу кадрларды даярдоо жана ишке орноштуруу маселелери боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.


Маалымат үчүн: Welcomecenter Hessen – бул чет элдик жумушчулар, квалификациялуу жумушчулар жана менеджерлер, ошондой эле чет өлкөлүк квалификациялуу жумушчуларды жалдоо жана ишке орноштурууга кызыкдар болгон Гессендин компаниялары, ишканалары жана администрациялары үчүн борбордук байланыш, тейлөө жана консультация борбору болуп саналат.

Бул Гессен Федералдык аймагынын өкмөтүнүн, Франкфурт-Рейн-Майн Квалификациялуу кол өнөрчүлөр палатасынын, Федералдык Иш менен камсыз кылуу агенттигинин Гессен аймактык кеңсесинин жана Майндагы Франкфурт иш менен камсыз кылуу агенттигинин биргелешкен демилгеси.