«Унаанын» адистери 600дөн ашык автоунааны мыйзамсыз каттаган деп шектелүүдө

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Унаанын» адистери коррупциялык схеманы уюштурушуп, жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктерине деп жамынып алышып, алдоо жолу менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен, бул аларга бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген.

Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. Буга карабастан, адистер материалдык пайда табуу максатында акыркы бир нече жылдан бери Кореядан автотранспорт каражаттарын алып келүү менен алектенген жеке адамдар менен «тил табышып», баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында коррупциялык схемага катыштыгы бар экени аныкталып, 29-январь 2024-жылы «Унаанын» кызматкерлери А.А. А., Т. М. М., С. Л. А. жана У. Б. М. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда «Унаанын» бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.