Жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алат – Садыр Жапаров

Жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактадагы баракчасында билдирди.

Жапаров алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып качып жүргөндөрүн эске алды. 

«Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз. «Мамлекеттик кызматкерлерге берген эле шарттар менен баштапкы төлөмү жок эле берсе болбойбу» деген суроолор жаралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Ошондуктан азырынча үлүштүк катышка мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбызга жогорудагыдай шарттар менен берип туралы», - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров МИК аркылуу өлкөнүн аймагында сатылган батирлердин тизмесин жарыялады:

Бишкек:

·      Скрябин көч. 45-45а, 15 кабаттуу 7 үй. Жалпы 549 батир;

·      Ч.Айтматов көч. 102/1-2, 18 кабаттуу 6 үй. Жалпы 620 батир;

·      Маликов көч. 91, көп кабаттуу 39 үй. Анын ичинде 11 үй 28 кабаттуу, 17 үй 24 кабаттуу жана 11 үй 18 кабаттуу. Батирлердин жалпы саны 5050;

Ош:

·      Набережная көч 3, 9 кабаттуу 2 үй. Жалпы 192 батир;

·      аэропортко кеткен жол. 9 кабаттуу 103 үй. Жалпы 4986 батир;

·      Курманбек көч. 135. 9 кабаттуу 7 үй. Жалпы 639 батир;

Жалал-Абад:

·      Манас көч. 144. 9 кабаттуу 6 үй. Жалпы 450 батир;

·      Сузак району, Ленин айылы, Н.Порошай көч. 9 кабаттуу 4 үй. Жалпы 945 батир;

·      Сузак айылы, Юнусов көч. 5 кабаттуу 7 үй. Жалпы 240 батир;

Нарын: Молдоев көч. 9 кабаттуу 4 үй. Жалпы 216 батир;

Талас: 9 кабаттуу 9 үй. Жалпы 504 батир.

Чолпон-Ата: 9 кабаттуу 103 үй. Жалпы 4986 батир.

Каракол: Карасаев көч. 9 кабаттуу 103 үй. Жалпы 4986 батир.

Баткен облусу, Аксай, Кулунду айылдары, 76 жер там.

МИКтин дареги - Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½. Телефондору - 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0553 98 89 01 (WhatsApp)..