«Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды – УКМК

УКМК тарабынан Каракол лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан базар баасы болжол менен 10 млн сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды.

Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек.

УКМК Камчы Асанбектин (Көлбаев) жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.