Кыргызстанда булуттук электрондук колтамгасын алуучулардын саны кескин өстү

Булуттук электрондук колтамга жарандын өзүнүн кол койгон колуна барабар жана онлайн режиминде мамлекеттик кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Муну менен бирге салык отчетуна маалымат берүүдө да электрондук колтамганын зарылчылыгы бар. Бул тууралуу СӨМ билдирди.

Булуттук электрондук колтамганы алуунун пайдалуу жактары болуп онлайн режиминде 158 мамлекеттик кызматка жана тейлөө сервистерине болгон жеткиликтүүлүккө ээ болуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууда билдирмени онлайн толтуруу, “Балага сүйүнчү” пособиясын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, транспорттук каражатты кайра каттоо жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик кызматтарды «Түндүк» Мамлекеттик порталынан же ошол эле «Түндүк» мобилдик тиркемесинен алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Белгилей кетчү жагдай, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде санариптик документтер да жеткиликтүү. Ал документтер Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык күчкө ээ. Алар кандай документтер: ID-карта, айдоочулук күбөлүк, туулгандыгы/өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, никени каттоо / никени бузуу тууралуу күбөлүк, транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк жана пенсиялык күбөлүк.

«Түндүк» мобилдик тиркемесин азыркы тапта жүктөп алуулардын жалпы саны – 1 523 330 түздү. «Түндүк» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу боюнча төмөнкү статистика маалыматты берет:

·      Google play тиркемеси боюнча – 1 202 061 жүктөп алуулар;

·      Appstore – 321 269 жүктөп алуулар.