> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда «Кыргыз-Чехия банкы» жок – Улуттук банк
- URL: https://im.kg/koom/2024/02/02/kyrghyzstanda-kyrghyz-chiekhiia-banky-zhok-uluttuk-bank/
- Published: 2024-02-02T05:30:49.000Z
- Updated: 2024-02-02T05:30:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Instagram социалдык тармагында өзүн Кыргызстандагы Чехия капиталына ээ жана банктык кызматтарды сунуштаган биринчи банк катары маалымдаган «Кыргыз-Чехия Банкы» ААКтын баракчасы пайда болгон. Бирок Кыргызстанда андай банк жок. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.**

Такталгандай, аталган банк Улуттук банкынын коммерциялык банктарынын реестринде жок.

КРУБна аталган банкты түзүү боюнча эч кандай кайрылуулар түшкөн эмес, ушуга байланыштуу мекеме жарандарды сак болууга чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/424861234_828735579298394_2672539907936373595_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/424601171_828735575965061_7454542507312944576_n-1.jpg)