ЖЭБдеги авариянын кесепеттери эки-үч күндүн ичинде жоюлат - Энергетика министрлиги

Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин эки-үч күндүн ичинде жоюу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, суу берүүгө чектөөлөр айрым объектилерге карата киргизилген. Муну менен катар министрдин орун басары электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады.

Керимовдун айтымында, Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда комиссия кырсыктын себептерин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

«Биз эки-үч күндүн ичинде ЖЭБ менен «Бишкекжылуулуктармагы» системасын калыбына келтиребиз деп жатабыз. Система тоңуп калбашы үчүн жылуу суу менен камсыздоо чараларын көрөбүз. Кырсыктын себептерин иликтеп жатабыз. Болжол менен 14-казанда болгон», - деди Керимов.

Эске салсак, Бишкектин ЖЭБда болжол менен саат 02:00дө авария болгон. Буга байланыштуу мектептер онлайн окутууга өттү.