> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайлык Анькан менен Жалал-Абаддын ортосунда боордоштук меморандуму түзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2024/02/05/kytailyk-ankan-mienien-zhalal-abaddyn-ortosunda-boordoshtuk-miemorandumu-tuzuldu/
- Published: 2024-02-05T05:20:46.000Z
- Updated: 2024-02-05T05:20:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайлык Анькан менен Жалал-Абаддын ортосунда боордоштук меморандуму түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абаддын мэриясы билдирди.**

Меморандумга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Анькан шаарынын мэри Чай Лии кол койду.

Ага ылайык, эки тарап аймактардын кызматташуу мамилелерин тереңдетип, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу макулдашышты.

Кытайдын Анькан шаарында 3 млн калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармактары өнүккөн.