Кытайлык Анькан менен Жалал-Абаддын ортосунда боордоштук меморандуму түзүлдү

Кытайлык Анькан менен Жалал-Абаддын ортосунда боордоштук меморандуму түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абаддын мэриясы билдирди.

Меморандумга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Анькан шаарынын мэри Чай Лии кол койду.

Ага ылайык, эки тарап аймактардын кызматташуу мамилелерин тереңдетип, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу макулдашышты.

Кытайдын Анькан шаарында 3 млн калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармактары өнүккөн.